Журналист Адыл Акжол уулу эркиндикке чыкты

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту журналист Адыл Акжол уулун эркиндикке чыгаруу чечимин кабыл алды.

Тараптардын жарашкандыгынан улам, Адыл Акжол уулун эркиндикке чыгаруу чечими кабыл алынган.

Буга чейин ага коюлган негизги айып беренеси өзгөртүлгөнү маалымдалган. Ал эми журналистке мурда коюлган кылмыш-жаза кодексинин массалык башаламандыктар беренеси “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренесинин 2-бөлүгү “Чыгармада, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыкканда же болбосо башкача эл алдында сүйлөөдө жеке же үй-бүлөлүк сырды мыйзамсыз пайдалануу же болбосо жайылтуу, ошого тете адамдын кызмат абалынан пайдалануу менен жасоосу” менен алмаштырылган.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен №1 тергөө абагына 4-октябрга чейин камакка алынган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулуна дагы бир айып тагылганын билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 22-июлунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына журналистке каршы жеке ишкер арыз жазган. Ал Адыл Акжол уулу ишканасына байланыштуу тартылган видеону Ютуб каналынан өчүрүү үчүн көп суммадагы каражат талап кылып жатканын билдирген.

Бул факты боюнча Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү жана УКМК тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Адыл Акжол уулу өткөн жылы июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан быйыл март айында кеткен.

Адыл Акжол уулу блогер катары таанымал. Анын өзүнүн аты-жөнү менен ачылган Ютуб каналында 800 миӊге жакын катталуучусу бар.

Сүрөттө: Адыл Акжол уулу. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты