Журналист Абдувахаб Мониев 48 жаш курагында көз жумду

  • 2 года мурун

Журналист Абдувахаб Мониев 48 жаш курагында көз жумду.

Журналисттин жакындарынын билдиришинче, ал оорудан улам каза тапты. Сөөгү 25-февралда өзү туулуп-өскөн айылга коюлат.

Абдувахаб Мониев 1974-жылы Оштогу Араван районуна караштуу Чөгөм айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин 1998-жылы аяктаган.

Журналист эмгек жолун 1992-жылы Ош облустук «Ош жаңырыгы» гезитинде корректор болуудан баштаган. Андан соң Чөгөм орто мектебинде лаборант, «Асаба», «Агым» гезиттеринде кабарчы болгон. «Учкун», «Ош жаңырыгы» жана «Эркин-Тоо» басылмаларынын башкы редактору кызматын аркалаган.

Абдувахаб Мониев журналистикадан сырткары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып жүргөн. Ал бир катар китептердин автору, «Генерал Ысакбек» патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты