Адабиятчы,окумуштуу Абдыкерим Абдыразаков дүйнөдөн кайтты
- 3 недели мурун
- Баяндар, Жаңылыктар
87 жаш курагында көрүнүктүү адабиятчы-окумуштуу, белгилүү педагог, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Абдыразаков Абдыкерим дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу Жусуп Баласын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жамааты кабарлады.
Абдыразаков Абдыкерим 1939-жылы 28-ноябрда Чүй облусунун Чүй районундагы Кош-Коргон айылында жарык дүйнөгө келген. Алгачкы билими – Кош-Коргондогу Мичурин атындагы башталгыч мектебинде, Ак-Бешим, Он бир жылга мектебинде улантып, Токмок шаарындагы орто мектепти 1957-1958-жылдары аяктайт.
1959-1962-жылдары Токмок шаарындагы маданий-агартуу техникумунун элдик театрлардын режиссерлорун даярдоочу бөлүмүн бүтүрүп, Москвадагы Театр институтуна кабыл алынат. Бирок, Кыргызстандагы маданият министрлиги Кочкор элдик театрына тажрыйбалуу режиссер талап кылгандыктан, ошол кездеги министр Күлүйпа Кондучалованын жеке кабыл алуусу менен Абдыкерим Абдыразаков элдик театрга режиссер болуп дайындалат. Бул кызматты 1966-жылга чейин ийгиликтүү аркалаган.
1966-1971-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (ал кездеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУ) кыргыз филология факультетинде окуп, Лениндик стипендияга ээ болуп, артыкчылык диплому менен бүтүрөт.
Студенттик жылдарында Абдыкерим Абдыразаков окуу жайдын драма ийримин жетектеп, көптөгөн авторлордун чыгармаларын сахнага алып чыгат. Алардын ичинен – залкар жазуучу Ч.Т.Айтматовдун «Бетме-бет» повестин сахналаштырып, аны Франциядан келген маданият ишмерлеринин жана автордун өзүнүн катышуусунда сахнага алып чыккан.
1971-жылы ал кездеги конкурс менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз адабияты кафедрасына окутуучу катары кабыл алынат. 1971-2024-жылдары бул окуу жайда 50 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенип, окутуучу, ага окутуучу (1979), доцент (1986), профессор (2000) наамдарына ээ болот.
Анын окуу куралдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилип, бүгүнкү күнгө чейин студенттер тарабынан кеңири колдонулуп келет.
Жалпысынан 200гө жакын илимий, илимий-методикалык жана адабият таануу багытындагы эмгектери жарык көргөн. Анын ичинде 15 окуу жана окуу-методикалык куралдын автору, 9 китепке авторлош болгон.
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер наамына татыктуу болгон.
Абдыкерим Абдыразаковдун жаркын элеси, жасаган эмгектери жана адамдык асыл сапаттары кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталат.
Сүрөттө: Абдыкерим Абдыразаков. КУУ жарыялаган сүрөт




