Эмгек баатыры Өмүрзак Мамаюсупов дүйнөдөн кайтты

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, окумуштуу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Өмүрзак Мамаюсупов дүйнөдөн кайтты.

Өмүрзак Мамаюсупов 1953-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Эски-Ноокат айылында туулган. Ал өмүрүн илимге, билим берүүгө жана мамлекетке кызмат кылууга арнаган.

1973-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 1984-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинин аспирантурасын, ал эми 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Физика-математика илимдеринин кандидаты жана юриспруденция магистри катары Өмүрзак Мамаюсупов ата-мекендик илимдин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Эмгек жолун мектеп мугалими болуп баштап, кийин Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунда улук илимий кызматкер болуп эмгектенген. Ал 40тан ашык илимий эмгектин автору.

Ал негиздеп, илимий-методикалык жактан жетектеген «Ноокат билимканасы» жатак-лицейи миңдеген айылдык жаштар үчүн билимдин жана тарбиянын чыныгы мектебине айланып, өлкөбүздүн алдыңкы билим берүү мекемелеринин бири катары таанылды.

Өмүрзак Мамаюсупов мамлекеттик кызматта да өзүнүн жогорку кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана принциптүүлүгү менен айырмаланган. 1995–2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутат катары тармактык комитеттин төрагасы болуп иштеген. 1999-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин биринчи орун басары кызматын аркалаган. 2000–2001-жылдары президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

2001–2006-жылдары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын жетектеген.

Мамлекет алдындагы көп жылдык үзүрлүү иши жана сиңирген эмгеги үчүн Өмүрзак Мамаюсупов «Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры» даражасы, «Даңк» медалы менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» ардак наамына татыктуу болгон.

Өмүрзак Мамаюсуповдун жаркын элеси анын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын, досторунун, кесиптештеринин, шакирттеринин жана аны урматтап-сыйлаган бардык адамдардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, алардын орду толгус оор кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.. Жапаров, М. Маматалиев, А. Касымалиев, А.. Койчиев, Д. Амангелдиев, Э. Акунбеков, У. Маматканов, М. Алиев, Б. Ибрагимов, Ж. Таалайбек кызы, А. Кадыралиев, М. Укушов, А. Апсатаров, Н. Ташбеков, К. Туманбаев, Д. Кендирбаева, Г. Исаматова, Т. Ташибеков, Б. Жеенбаев, Б.. Бөрубашов,  С. Рустамбек уулу, У. Жаанбаев, Н.  Алимжанова, Б.Зулпиев, С. Касмамбетов, М.Иманкулов, А. Кенжебаев, Д. Шейшеканов, А. Закиров, З. Ракиев, Н. Орунтаев, Т. Саякбаева, Ж.Жанузаков, С. Абдрахманова, Б. Исаков, Т. Першина, А. Зырянова, К. Чекиров жана башкалар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты