“Жунхай” базары тараптагы унаа токтотуучу жайда бир нече унаа өрттөнүп кетти  

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 27-июнда, Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан “Жунхай” базарынын унаа токтотуучу жайында чыккан өрттүн кесепетинен төрт жеңил унаа өрттөнүп кетти.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди.

Өрттүн кесепетинен Kia Sportage, Daewoo Nexia, Hyundai Solaris жана Mersedes-Benz W2 11 yнаалары күйүп кеткен. Ошондой эле өрт чыккан жерге жанаша токтотулган BMWX5, Kia K5, Hyundai Sonata DN8, Hyundai Sonata унаалары жарым-жартылай өрттөнгөн.  

Өрттү өчүрүүгө саат 12:57де Свердлов райондук №2 өрттөн куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм тартылган. Өрт саат 13:42де өчүрүлгөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты