Жумуш издегендер — депутаттыкка талапкер

  • 3 года мурун

Бир мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыз берген 381  кишинин 80и (17-октябрга карата) БШК тарабынан каттоодон өттү.   

Талапкер болгондордун арасында  профессор Ишенбай Молдоташев, юристтер Атыр Абдрахматова, Нурбек Токтакунов, БШКнын экс-төрагасы Акылбек Сариев, ишкер Ырысбек Мааткабылов, жансакчы Канат Сагымбаев, мугалим Юлия Лилиенталь, ички иштер ардагери Мелис  Турганбаев, экс-депутат Арсланбек Малиев, Эркин Булекбаев, Акбөкөн Таштанбеков, азыркы парламент депутаттары Дастан Бекешев, Саматбек Ибраев, Абдандил Кулбараков,  Искендер Матраимов, Бактыбек Райымкулов, Нурбек Алимбеков,  Азизбек Турсунбаев, Айбек Осмонов, журналист Нурланбек Шакиев жана экс-башкы прокурор  Элмурза Сатыбалдиев ж.б. бар.  

Ошондой эле талапкерликке катталгандардын арасынан 24ү жумушсуз. Алар Сарбагышев Максатбек, Сарбагышев Талантбек, Түмөнбаев Акылбек, Төлөгөнов Бакыт жана башкалар.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: ПолитКлиника/Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты