Мектепке электрондук каттоонун экинчи этабында 12 миңден ашык бала катталды
- 4 недели мурун
Мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы улантылууда. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.
Бул этапта ата-энелер жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектепти тандап, баласын каттай алышат.
Ушул тапта электрондук каттоонун экинчи этабында 121 миңден ашуун бала катталды. Жалпысынан быйыл 193 318 квота ачылган.
Өтүнмөлөрдү онлайн түрдө тапшырууга болот:
— 1mektep.edu.gov.kg сайты же
— «Түндүк», MegaPay жана башка банк тиркемелери аркылуу
Быйыл 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




