Жумгал райпрокурорунун орун басары пара менен кармалды

  • 2 года мурун

20-майда 50 миң сом пара алып жаткан жеринен Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун прокурорунун орун басары О.Ж.К. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Кармалган прокурордун орун басары  ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротууга байланыштуу айыпталуучуга, Х.Д.Р.нын жакын тууганы боюнча кылмыш ишин кыскартуу боюнча соттун чечими үчүн 50 миң сом талап кылгандыгы аныкталды.

Ошондой эле бул иш боюнча Жумгал районунун судьясы А.А.М. нын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталууда.

Тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жумгал райпрокурорунун орун басары пара менен кармалды
Пара менен кармалган прокурордун орун басары. Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты