Жуматаева: Пенсияга чыгуу курагы көтөрүлбөйт

  • 2 года мурун

Пенсияга чыгуу курагы көтөрүлбөйт.

Бул тууралуу социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева бүгүн, 3-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Искендер Матраимовдун суроосуна жооп катары билдирди.

-Жалпы пенсияга чыгуу курагы көтөрүлбөйт. Бул мурдагыдай эле аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш бойдон калат. Ал эми жеңилдетүү менен жана көп балалуу энелер үчүн 45 жаштан чыгуу курагын, жок дегенде 48 жашка көтөрүү жагы каралууда, — деп билдирди Жуматаева.  

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов пенсия курагын көтөрүү керектиги боюнча пикирин билдирген.

Сүрөттө: Гүлнур Жуматаева. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты