1-октябрдан тартып пенсияны индексациялоо жүрөт

2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жана пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8 800 сомго чейин жогорулатуу пландалууда.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Индексация президенттин 2026-жылдын 10-августундагы жарлыгын ишке ашыруу максатында жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдын 7-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

Өткөн календардык жылда орточо эмгек акынын жана керектөө бааларынын индексинин өсүшү индексация жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча керектөө бааларынын индекси – 108,2%ды, орточо эмгек акынын өсүшү – 117,6%ды түздү. Индексациялоонун эсептик коэффициенти – 1,13 түздү.

Ошону менен бирге, Социалдык фонддун бюджетинин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алып жана пенсионерлерди кошумча колдоо максатында 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо коэффициентин 1,20 өлчөмүндө, бирок 1 000 сомдон кем эмес жана 10 миң сомдон ашпаган өлчөмдө белгиленди.

Мындан тышкары жаңы пенсия чектөөдө, пенсиянын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен анын минималдык өлчөмү 8 800 сомдон төмөн болбошу керек.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча 2026-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 832,4 миң адамды түзөт. Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен индексациялоо жүргүзүүгө 4,4 млрд. сом каралган.

Индексациялоонун жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет, жогорулатуунун орточо өсүшү жогорулатуу учуруна карата 1753 сомду же 116% ды түзөт.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” агенттигине маегинде 1-октябрдан баштап минималдык пенсия 8 800 сом болорун билдирген. Камсыздандыруу фондуна түшкөн каражат көбөйүп, пенсияны көтөргөнгө мүмкүнчүлүк болуп жатат деди Касымалиев.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты