Министрлер Кабинети пенсияны индексациялоо боюнча токтом кабыл алды
- 11 месяцев мурун
Министрлер Кабинети пенсияларды 2025-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,10 өлчөмүндө бекитилди.
Ошондой эле, 2025-жылдын 1-октябрынан кийин дайындалуучу пенсиялардын жалпы өлчөмү ушул мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, пенсиянын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен үстөктөрдү эске алуу менен 7100 сомдон кем болбойт деп белгиленди.
2025-жылдын 1-октябрынан тартып
1,10 өлчөмүндө пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициентине, бирок 600 сомдон кем эмес жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомдон ашкан пенсия үчүн 5 000 сомдон көп эмес индексациялоо тапшырылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




