Октябрь айынан баштап пенсия көбөйөт  

Кыргызстанда 2026-жылдын 1-октябрынан баштап, минималдуу пенсия 8 800 сом болот.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” агенттигине маегинде билдирди.  

1-октябрдан баштап минималдык пенсия 8 800 сом болот. Бул бүгүнкү күнгө салыштырганда 1700 сомго көп. Камсыздандыруу фондуна түшкөн каражат көбөйүп, пенсияны көтөргөнгө мүмкүнчүлүк болуп жатат деди Касымалиев.

Буга чейин Министрлер кабинети пенсияларды 2025-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө токтом кабыл алган. Эң төмөнкү пенсия 7100 сомдон кем болбойт деп белгиленген. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты