Жугуштуу дарттар ооруканасынын балдар имараты ачылды
- 1 месяц мурун
- Фоторепортаж
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор шаарда республикалык клиникалык жугуштуу дарттар бейтапканасынын жаңы балдар имаратынын ачылыш аземине катышты.
Бул тууралуу МинКаб сайтында кабарланды.
Үч кабаттуу жаңы имарат жугуштуу оорулар менен жабыркаган балдарды дарылоого ылайыкталган жана заманбап медициналык талаптарга жооп берет. Ооруканада изоляцияланган бөлмөлөр, желдетүү жана абаны чыпкалоо системалары, бейтаптарга жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Оорукананын айланасы көрктөндүрүлүп, диагностикалык жана дарылоонун заманбап технологиялары ишке киргизилген.
Адылбек Касымалиев ошондой эле Министрлер кабинети саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип жатканын белгиледи.
«Өлкөдө буга чейин жылына 600гө жакын объект курулса, 2025-жылы мамлекеттик каржылоонун эсебинен 3 миңден ашуун объект курулат, анын 32си медициналык мекемелер. Акыркы эки жылда саламаттыкты сактоонун бюджети 22 миллирад сомдон 49 миллиард сомго чейин өстү. Гемодиализге эле 2025-жылы 2,5 миллиард сом бөлүндү, ал 2022-жылы 300 миллион сом болгон. 2030-жылга чейин саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону 130 миллиард сомго жеткирүү пландалууда» деп белгиледи МинКаб төрагасы.






Сүрөттөр: gov.kg




