Бишкекте жаңы автобустар каттамга чыга баштады
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Бишкекке YUTONG үлгүсүндөгү 95 жаңы автобус алып келинген. Учурда автобустар этап-этабы менен шаардык каттамдарга чыгарылып, жүргүнчүлөрдү тейлей баштады.
Бул туурулуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Бүгүн, 17-сентябрда, таңкы саат 5:00дөн тартып алгачкы 17 жаңы автобус каттамга чыгып, жүргүнчүлөрдү тейлөөгө киришти. Буга чейин №153 каттамда иштеп келген автобустар башка шаардык каттамдарга бөлүштүрүлдү. Ал эми №153 каттамга жаңы YUTONG автобустары чыга баштады.
Жакынкы убакта калган YUTONG автобустары да этап-этабы менен каттамга чыгарылып, шаардагы башка каттамдарга бөлүштүрүлөт.
Буга чейин Бишкек шаарына Кытайдын Yutong компаниясынын ишканасынан чыккан 95 автобус сатып алынганы кабарланган.
Жаңы автобустар Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында сатып алынган.
Сүрөт: Бишкек мэриясы




