ЖОЖдун биринде коррупциялык схема аныкталды

  • 2 года мурун

УКМКга Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдарынын, ошондой эле мамлекеттик ЖОЖдордун биринин кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштери боюнча маалыматтар келип түшкөн.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, анын алкагында Президентке караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Анын корутундусуна ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдары абитуриенттерди мыйзамсыз кабыл алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында  жогорку окуу жайларындагы өкмөттөр аралык келишимди бузуу менен чет мамлекеттердин жарандары үчүн бөлүнгөн гранттык орундарга 50 абитуриентти кабыл алуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарган.

Бул буйрукту аткаруунун алкагында жогорку окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын жооптуу адамдары иштелип чыккан жобону аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан абитуриенттерди кабыл алышкан. Бул өкмөттөр аралык келишимдин ченемдерине карама-каршы келет.

Ошол эле учурда, тергөө тарабынан кабыл алуу процедурасы сырттан келген абитуриенттердин мүмкүнчүлүгүн чектегендигин аныкталды, муну гранттык орундарга ачык сынактын жарыяланбаганы жана өткөн студенттердин жалпы республикалык тестирлөөдө алган салыштырмалуу төмөн баллдары далилдеди.

Мындан тышкары бул гранттык орундарга кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бирдиктүү электрондук порталы аркылуу эмес, аталган жогорку окуу жайдын тандоо системасы аркылуу жүргүзүлүп, абитуриенттерди каттоо бир күн ичинде үргүзүлгөн, бул өлкөнүн билим берүү тармагындагы мыйзамдарына карама-каршы келет.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты