ЖОЖдордо бизнес-инкубаторлордун ишине старт берилди

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын 20дан ашуун жогорку окуу жайларында креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, ишкерликти колдоого жана жаштар арасында стартаптарды түзүүгө багытталган бизнес-инкубаторлор ачылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү мекемелериндеги аталган бизнес-инкубаторлордун ачылыш аземине видеоконференция режиминде катышты.

Акылбек Жапаров белгилегендей, жогорку окуу жайларда стартап-долбоорлордун сынактарын өткөрүүнүн тартиби, стартаптарга каржылык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары, сынактын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган стартап-долбоорлорду аныктоо жөнүндө жобо кабыл алынган.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты