Жоомарт Карабаевдин соттук отуруму кийинкиге жылдырылды
- 2 недели мурун
- Видео
Бүгүн, 26-ноябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаевдин соттук отуруму 28-ноябрга жылдырылды.
Бул тууралуу анын адвокаты Акынбек Ногоев “ПолитКлиника” медиасына билдирди.
-Жоомарт Карабаевдин бүгүнкү сот отуруму кийинки күнгө жылдырылды. Кийинки сот отуруму 28-ноябрь күнү саат 15те башталат. Сот отурумунун жылдырылган себеби прокурор алмашылды, ошондуктан ага кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 18-беренесинин талаптарына ылайык, жылдырылды,-деди адвокат Ногоев.
31-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту эксперт Жоомарт Карабаевди үй камагына чыгарды.
Эске салсак, Улуттук Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаев Илимдер академиясы атайын кызматтын тапшырмасы менен экспертиза берип жүргөнүн айтып келген. Бул тууралуу ал жазуучу Олжобай Шакирдин сот процессинде да айткан эле.
Жоомарт Карабаевге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айып тагылган.
Видео: «ПолитКлиника».
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!