Жолон Мамытовдун 85 жылдыгы: Ошто поэзия фестивалы өткөрүлөт

  • 1 год мурун

28-30-май күндөрү Ош шаарында кыргыздын залкар акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата түрк дүйнөсүнүн акындарынын Жолон Мамытов атындагы “Жашыл аалам” фестивалы өткөрүлөт.

Фестивалга Кыргызстан,  Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстандын жаш акындары катышат:

Кыргыз Республикасынын атынан фестивалга Мирлан Самыйкожо, Нарсулуу Гургубаева, Нуриза Өмүрбаева, ⁠Бердибек Жамгырчиев, ⁠Ибрагим Айип Уулу, ⁠Максат Жангазиев, Акбар Кубанычбеков, ⁠Садырбек Турдубек уулу, Гүлүмкан Исаева, Айзат Кудайберди кызы катышат.

Фестивалдын уюштуруучулары:  ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги,  Ош мамлекеттик университети, Ош шаарынын мэриясы, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Улуттук жазуучулар Союзу, Түрк дүйнөсү жазуучулар бирлиги, Евразия жазуучулар союзу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты