Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет Азия чемпиону болду

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 10- апрелде, Жоломан Шаршенбеков Азиянын экинчи жолку чемпиону болду.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Күрөш боюнча чемпионат Казактандын Астана шаарында өтүп жатат.

60 кг чейинки салмакта Индиянын балбаны менен күч сынап, 53 секунд ичинде 10:0 эсебинде жеңишке жетишти. Ал эми жарым финалда Япониянын балбанын жеңип чыкты. Финалдык беттеште кореялык Хан Жае Чунгду 10:0 эсебинде жеңип, Азиянын чемпиону аталды.

Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов Азия чемпионатынын үчүнчү жолку жеңүүчүсү болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты