Акжол Махмудов Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду

  • 1 год мурун

Грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болду.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинини басма сөз кызматы билдирди.   

Маалыматта айтылгандай, турнир 9-апрелде Астана шаарында башталган.

Махмудов 77 кг салмак категориясында күч сынашып, өз жолун 1/4 финалдан түркмөнстандык атаандашын утуп алган. Жарым финалда Махмудов жапониялык каршылашын утуп, финалга жолдомо алды.

Ал эми чечүүчү беттеште Махмудов ирандык балбан менен беттешмек. Бирок аталган атаандашы жаракатына байланыштуу килем үстүнө чыккан жок.

Акжол Махмудов үчүнчү жолу Азия чемпиону аталды. Буга чейин 2018-2022-жылдары алтын байге тагынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты