Жол тазалоо иштери жүрүүдө. Долон жана Ала-Белде унааларга чектөө алынды
- 1 месяц мурун
Аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
Бүгүн, 11-декабрь саат 10:00го карата Нарындагы Долон ашуусу менен Бишкек-Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.
Ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 506-508-чакырымдар аралыгында (Түз-Бел ашуусуна) унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө күчүндө турат. Аталган аймакта бороон басыла элек. Ага карабастан № 957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери уланууда.
Калган ашуулар жана жолдордо каттам бар. Тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алыс жолго чыгарда унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга жана жол эрежесин так сактоого чакырат.
Сүрөт: Транспорт министрлиги




