9 жашар баланы коюп кеткен автобус айдоочусу кармалды
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарында 9 жаштагы баланы коюп кеткен автобус айдоочусу милициянын убактылуу жайына камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 13-июлда, саат 9дар чамасында Б.Б. аттуу айдоочу Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинен 9 жашар баланы коюп кеткен.
Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн бала чарчап калган.
Бул жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Тиешелүү экспертиза дайындалды.
Сүрөт: Бишкек ИИББ
Муну бөлүшүү




