Жол кырсыгынан бир жаран көз жумуп, экөө жабыркады  

  • 2 года мурун

7-февралда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу “Бишкек-Нарын-Торугарт» айланма унаа жолунун 29-чакырымында оор жүк ташуучу “DAF” үлгүсүндөгү унаа менен “Toyota Prius” жеңил унаа кагылышкан.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен “Toyota Prius” айдоочусу, 22 жаштагы Н.А. ошол жерде каза болгон. 25 жаштагы жабыркаган эки жаран “Тез жардам” менен Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилди.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты