Жол кырсыгы: Кочкордо бир киши каза болду  

  • 3 года мурун

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 235-чакырымында,  Кочкор айылында, Toyota-Camry үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен бир киши каза болуп, экинчиси жабыркаган. Жерине Кочкор райондук 4 куткаруучу тартылган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты