Жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөрдүн коррупцияга шектүү схемасы аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында коррупциялык схемалар аныкталганын атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

“Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол көзөмөлү бөлүмүнүн инспекторлору кызмат абалынан кыянат пайдаланып, жеке жана юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына жарнамалык чаптамаларды чаптоого уруксат берүүчү документтерди берүү схемасын уюштурушкан (уруксат берүүчү документи унаанын кузовуна чаптамаларды чаптоодо айып пулдан качуу үчүн зарыл).

Транспорттук каражаттарынын ээлери уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн кайрылган учурда, арыз туура түзүлүп жана толук маалыматтар берилген учурда уруксат берилүүчү документтер акысыз негизде берилиши керек.  Бирок жооптуу адамдар жасалма жол менен ар кандай тоскоолдуктарды жаратып, уруксат берүү мөөнөтүн создуктуруп, өз аракеттери менен жарандарды акчалай сыйлык берүүгө мажбурлашкан” деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) ички иликтөө бөлүмү менен бирге тергөө ыкчам иш-чаралардын комплексин жүргүзүүдө Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын бул коррупциялык схеманын уюштуруучусу М.А.З. аныкталып, кармалды. Ал 22-апрелде УКМКнын убактылуу камак жайына киргизилди.

Жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөрдүн коррупцияга шектүү схемасы аныкталды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты