Жол эрежесин бузуу боюнча айып пулдун жогорулашына каршы акция өтпөй калды  

  • 1 год мурун

Бишкекте жол эрежеси боюнча айып пулдун жогорулашына каршы акция өтпөй калды. Анын ордуна милиция кызматкерлери гана чогулду. Катыша тургандар келген жок.

Бүгүн, 6-мартта, Бишкекте жол эрежеси боюнча айып пулдун жогорулашына байланыштуу акция өтөрү ЖМКда маалымдалган.

Андагы маалыматка ылайык, акция темир жол бекетинин алдында уюштурулмак. Бул жакка милиция кызматкерлери гана чогулушкан. Бирок акциянын катышуучулары келген жок. Соттун чечими менен каршылык акцияларын Бишкекте Горький сейилбагында гана өткөрүүгө уруксат берилет.

Президент Садыр Жапаров айдоочуларга карата айып пулдун жогорулашына байланыштуу “Кабар” мамлекеттик агенттигине комментарий берип, бул демилгени колдой турганын билдирген.  

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты