Мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иштери башталды
- 3 месяца мурун
Республика аймагында бруцеллез, шарп, күйдүргү жана башка малдын ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу ветеринардык кызмат билдирди.
Жер-жерлерде 3–6 айлык ургаачы торпокторго бруцеллез ылаңына каршы эмдөө жүргүзүлүүдө. Ошондой эле бодо малдан кан алып, бруцеллезго текшерүү жүрүп жатат.
Үй жаныбарларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ит жана мышыктар кутурмага каршы эмделип, эхинококкоз ылаңына каршы дегельминтизациялоо иштери башталды.
Жапырт эмдөө иш-чараларынын алкагында кой-эчкилер оспа жана бруцеллезго каршы, бодо малдар шарп, күйдүргү жана карасан ылаңдарына каршы эмделет.
Жалпысынан вакцинация мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Ветеринардык дары-дармектерди жана биокаражаттарды сатып алууга 2026-жылга республикалык бюджеттен 135млн сом каражат бөлүнгөн.
Сүрөт: Ветеринария кызматы




