Бишкектеги көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн мектеп шаар сыртына көчүрүлөрү айтылууда. Ата-энелер буга каршы

Бишкек шаарынын Кулатов көчөсүндө жайгашкан көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн жалпы билим берүүчү атайын мектеп-интернат Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылына көчүрүлөрү айтылууда. Бул чечимге окуучулардын ата-энелери нааразылык билдирип чыгышууда.

Көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн мектеп-интернаттын окуучуларынын ата-энелери мектепти шаардын сыртына көчүрүү балдарга, ата-энелерге жана мугалимдерге да кыйынчылык алып келээрин айтып чыгышты. Эгер көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн жаңы мектеп куруу боюнча өкмөттүн планы болсо, анда ушул эле мектептин аймагына курууну суранып жатышат.

Ата-энелердин арасында балдарын аймактардан Бишкекке алып келип окутуп жаткандар бар. Айрым балдар көзүнөн башка да дарттар менен жабыркашат. Мектеп-интернат шаар сыртына көчүрүлсө, балдарды окууга жеткирүүдө, ден соолугуна көз салууда мурункудан да кыйынчылык жаралары айтылды. Ата-энелердин арасында өздөрү да көзүнөн жабыркагандар кездешет.

Мээрим Абдурахманова беш баласы менен жер үйүн сатып, ушул мектепке жакын жерден батирге көчүп келишкен. Себеби көзү көрбөй калган балдарынын биринин окуусуна ыңгайлуу болсун дешкен. Эми мектеп шаар сыртына көчүрүлсө, анда дагы турак жай которууга туура келет.

Даткайым Сыдыкова Жалал-Абаддан азиз небересинин окуусу үчүн көчүп келишкен. Уулу кайтыш болуп калгандан кийин, ал азиз небересин камкордукка алган.

Мугалимдердин арасынан да ушул мектептин бүтүрүүчүлөрү бар, алардын айрымдары мектеп шаар сыртына жылдырылса, жумуштан баш тартууга туура келерин айтышууда. Брайл системасы менен окуткан бир топ мугалимдер шаар сыртына барып-келип иштөөдөн баш тартса, анда балдарга билим берүү жагы жабыркайт.

Белгиленгендей, бул мектеп-интернатта 220 бала окуйт, анын ичинен 125 бала интернатта жатып окуйт, 95 бала шаардан үйүнө барып-келип окугандар.

Мектеп 1939-жылы курулган, эскилиги жеткен. Бирок жаңы мектепти ушул эле жерге курууну суранышууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-январда ушул, Бишкек шаарындагы көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн атайын мектеп-интернатка барган. Бул мектеп-интернатына Брайл системасы боюнча жазган Perkins Brailler Classic үлгүсүндөгү 10 машинка тапшырган. Ошол жолугушууда көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн жаңы мектеп Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылына курулары тууралуу сөз болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев аталган мектепте өзү да окуганын, мектеп өтө эски, 88 жыл мурда курулганын, жаңыланууга муктаж экенин билдирди. Ата-энелер каршы чыгышканын биле турганын айтты. Мектеп 2-3 жылда куруларын, ага чейин бир топ балдар мектепти бүтүп кетет. Бирок жаңы мектеп керек. Өкмөттү колдобой жатканын, коомчулукка бул маселени айткан эместигин да белгиледи. Анткени долбоорду көрө элек, ушундай мектеп керекпи-же жокпу, анан чечилерин, чечим башка да болуп каларын кошумчалады. Балдарга транспорт берилиши керек экендигин билдирди.

Агартуу министрлиги бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

«ПолитКлиника» медиасы маселенин чоо-жайын билүүгө аракет кылды. Толугу менен ютуб каналыбыздан көрүңүз.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты