Агартуу министри Кендирбаева көрүүсү начар жана азиз балдар окуган жатак-мектепке барды
- 1 неделя мурун
- Видео
3-февралда Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бакай Турдугулов, ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева Бишкек шаарындагы көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинин окуучуларынын ата-энелери менен жолугушту.
Бул тууралуу агартуу министрлиги билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Таш-Дөбө айылында жаңы мектеп-интернаттын курулушу боюнча пландалган долбоор талкууланды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бакай Турдугулов жолугушуунун катышуучуларын курулуш долбоору менен тааныштырды. Ал долбоордун ишке ашырылышы заманбап билим берүү комплексин түзүүгө мүмкүндүк берээрин, анын ичинде окуу корпусу, жатакана, спорттук аянтчалар жана бассейн камтыларын белгиледи. Бул балдардын жашоо жана окуу шарттарын коопсуз жана ыңгайлуу кылат.
Агартуу министри жатак-мектептин дарылоо мекемелеринин жанына жайгаштырылышы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүгө жана окуучуларга өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Ошондой эле жаңы комплекс сапаттуу инклюзивдик билим берүүнү уюштурууга, заманбап билим берүү технологияларын колдонууга жана көрүүсү начар балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат.
Жолугушууда ата-энелер менен мугалимдердин пикирлери угулуп, берилген бардык сунуштар жана сын-пикирлер эске алынат, ал эми башкы артыкчылык катары балдардын кызыкчылыктары сакталары айтылды.
Бишкек шаарынын Кулатов көчөсүндө жайгашкан көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн жалпы билим берүүчү атайын жатак-мектеп Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылына көчүрүлөрү айтылгандан кийин, бул чечимге окуучулардын ата-энелери нааразылык билдирип чыгышууда.
Көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн мектеп-интернаттын окуучуларынын ата-энелери мектепти шаардын сыртына көчүрүү балдарга, ата-энелерге жана мугалимдерге да кыйынчылык алып келээрин айтып чыгышты. Эгер көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн жаңы мектеп куруу боюнча өкмөттүн планы болсо, анда ушул эле мектептин аймагына курууну суранып жатышат.
Агартуу министрлиги белгилегендей, мектеп 1939-жылы курулган, учурда мектепте Кыргызстандын бардык аймактарынан 220 окуучу билим алат. Мектепке 6-7 жаштагы балдар кабыл алынат. Окутуу 1-класстан 11-класска чейин жүргүзүлөт. Билим берүү процесси көрүүсү начар балдардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен уюштурулган жана жалпы билим берүүчү жана көмөкчү программалар боюнча Брайль шрифтин колдонуу менен ишке ашырылат.

Баш сүрөт: Видео тасмадан




