Жол чарба департаментинин Талас аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды
- 4 недели мурун
- Видео
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Талас облусу боюнча аймактык бөлүмүндө коррупциялык схеманын бети ачылганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жол чарба департаментинин аймактык №3 бөлүмүнүн башчысы К.К.О, Талас облусундагы автожолдорду оңдоо жана куруу боюнча аткарылган иштер боюнча жол эксплуатациялоочу каналардын башчыларынан мыйзамсыз акчалай сыйлык алганы аныкталган.
Бул факты боюнча 11-февралда кылмыш ишинин алкагында аталган К.К.О. кармалып, Талас шаары боюнча ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бул ишке тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы