Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

  • 2 года мурун

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова президентке кызматтан өз эрки менен кетүү тууралуу арыз жолдоду. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат.

Бакирова мындай кадамга эмнеден улам барганы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Ал бул кызматка 2021-жылдын апрель айында шайланган. Ага чейин төрайымдын орун басары болуп иштеген.

Нургүл Бакирова 2015-жылкы парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен катышкан. Аны менен кошо шайлоого катышкандардын айтымында, ал «Ата Мекенге» «Улуттар Биримдиги» партиясынын квотасы аркылуу келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты