Жогорку соттун судьясы Аскат Сыдыковду кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берилди
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 21-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку соттун судьясы Аскат Сыдыковду кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралып, колдоо тапты.
Аталган маселе тууралуу маалыматты президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев Аскат Сыдыковду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууга негиздин себеби сураганда, Алмасбек Абытов ал соттордун «кынтыксыз болуу» принцибине ылайык келбегендигине байланыштуу болгондугун айтты.
Сүрөттө: Аскат Сыдыков. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү