Аламүдүн райондук сотунун судьясы кармалды
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди. .
Маалыматта айтылгандай, Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж кызмат абалынан кыянат пайдаланып, эркинен ажыратуу менен байланышпаган сот чечимин чыгарууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып, Т.М.Т. аттуу жарандан 26 миң АКШ долларын алган. Бирок, кийинчерээк аталган маселени Т.М.Т.нын пайдасына чечип бере алган эмес.
УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда алынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн — 85 миң сомду кайтарып берип жаткан учурда Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж. кармалды.
3-апрелде тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Судьялар Кеңеши тарабынан судья Ш.Б.Ж.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу чечими кабыл алынды.
6-апрелде Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж.га карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулуп, ал КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Сүрөт: УКМК




