Жогорку соттун мурдагы төрагасы Мамадияр Исабаев дүйнөдөн кайтты

  • 1 месяц мурун

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Мамадияр Исабаев узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.  

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мамадияр Исабаев  1952-жылдын  15-апрелинде  Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылында туулган. 1967-1971-жылдарда Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайында окуган. Эмгек жолун 1971-71-жылдары башталгыч мектепте мугалим болуу менен  баштаган. 1972-74-жылдары армияда кызмат өтөп, 1974-79-жылдардын аралыгында Кыргыз мамлекеттик  улуттук университетинин юридика факультетинде окуп, аны артыкчылык диплом менен бүтүргөн. 1979-1984-жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде консультант, Ош областтык юстиция бөлүгүндө улук консультант, Ош облустук сотунда мүчө болуп иштгене.

Исабаев 1984-жылдан Таш-Көмүр шаардык сотунда  төрага, 1987-1991-жылдардан Жогорку сотко  мүчө, 1991-1995-жылдар аралыгында Жалал-Абад облустук сотунда төрага болуп иштеген.

1995-жылы Жогорку соттун төрагасы кызматына дайындалып, бул кызматтан 1998-жылы ден соолугуна байланыштуу бошотулган.

2002-2010-жылдары Конституциялык сотунун аппаратанын  кодификация жана маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, “Манас эпосуна 1000 жыл” медалы жана көптөгөн ведомстволук баалуу сыйлыктарга ээ болгон.

Мамадияр Исабаев ишине берилген, жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгү, адилеттүүлүгү жана адамгерчилиги менен элинин жүрөгүндө орун тапкан инсан болгон.

Кыргыз Республикасынын сот системасы жана Сот тутумунун ардагерлер кеңеши белгилүү юрист, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Исабаев Мамадияр Исламовичтин узакка созулган оорудан улам дүйнө салганына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Мамадияр Исабаев дүйнөдөн кайтты

Илююстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөт: Жогорку сот басма сөз кызматы тараткан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты