Белгилүү обончу, аткаруучу Бабаравшан Тургунбаев дүйнөдөн өттү
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Белгилүү обончу, аткаруучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бабаравшан Тургунбаев дүйнөдөн өттү.
Бул тууралуу “Лейлек ынтымагы” коомдук фондунун атынан замандаштары социалдык тармакта кабарлады.
«Бабаравшан Тургунбаев — кыргыз музыка өнөрүндө өзүнүн өзгөчө үнү, кайталангыс чыгармачылык таланты менен таанылган чыгармачыл инсан эле. Ал акыркы жылдары Ош шаарында жашап, филармонияда эмгектенүү менен элибиздин маданий-коомдук турмушуна жигердүү салым кошуп келген. «Туулган жерим асыл турагым», «Унутпаймын», «Неге түшкө киресиң?» сыяктуу элдин эсинде калган чыгармалары Бабаравшан Тургунбаевдин чыгармачылык мурасынын баасын дагы бир ирет айгинелейт. Бул чыгармалардын ар биринен анын мекенге болгон сүйүүсү, адамдын ички дүйнөсүн терең сезе билген обончу катары өзгөчө табити жана чыгармачылык дарамети көрүнүп турат» деп айтылат маалыматта.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн 16-сентябрь 18.00дө Лейлек районунун Раззаков айылында (мурдагы Ленин айылы) өтөрү кабарланды.
Сүрөттө: Бабаравшан Тургунбаев. RF/RL




