Кыргыз эл артисти Кубанычбек Сыдыков дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын эл артисти Кубанычбек Сыдыков 66 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу кабар президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Кубанычбек Сыдыков 1960-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында төрөлгөн.

1971-1975-жылдары Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайында билим алган. Ал эми 1975-1979-жылдары Мураталы Күрөңкеев атындагы Фрунзе музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуган.

Окууну аяктагандан кийин аяктагандан 1979-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солисти, сахнанын алдынкы чебери болуп эмгек жолун уланткан.

2002-2005-жылдары кыргыз балет труппасын жетектеген. 2006-2016-жылдары балетмейстер-коюучу болуп иштеп, ошол эле учурда 2013-жылга чейин репертуардагы спектаклдерге балет артисти катары катышып келген.

2015-жылдын сентябрь айынан 2016-жылдын январь айына чейин Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын хореография режиссурасы кафедрасында окутуучу болуп педагогикалык иште такшалып, өзүнүн чыгармачылык бай тажрыйбасын балетмейстерлер менен хореографтардын келечектеги муунуна өткөрүп берген.

Ошондой эле ар кайсы жылдары Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында педагог болуп эмгектенген.

2016-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин  Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы балетмейстери болуп иштеген.

Кубанычбек Сыдыков  баатырдык-романтикалык багыттагы көрүнүктүү бийчи, жаркын таланты менен айырмаланган өзгөчө чебер артист болгон. Анын чыгармачылык репертуарында улуттук, орус жана дүйнөлүк классиканын спектаклдериндеги 20дан ашуун башкы, негизги жана экинчи пландагы ролдор болгон.

Алардын катарында: Базиль («Дон Кихот», Л. Минкус), Альберт («Жизель», А. Адан), Принц Зигфрид («Ак куу көлү», П. Чайковский), Принц («Щелкунчик», П. Чайковский), Спартак («Спартак», А. Хачатурян), Вацлав («Бахчисарай фонтаны», Б. Асафьев), Макбет («Леди Макбет», К. Молчанов), Нурдин («Чолпон», М. Раухвергер) жана башка көптөгөн образдар.

Кубанычбек Сыдыков кыргыз хореография өнөрүн республиканын шаарларында жана чет өлкөлөрдө: Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Кытайда жана Түркияда кеңири таанытып, кыргыз балет өнөрүнүн бийик деңгээлин даңазалаган.

Кубанычбек Сыдыков белгилүү композиторлордун музыкасына коюлган көптөгөн хореографиялык чыгармалардын, ошондой эле заманбап жана фольклордук багыттагы балеттердин автору болгон.

Чыгармачылыктагы көрүнүктүү жетишкендиктери жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 1987-жылы СССРдин «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен сыйланган.. 2000-жылы балет искусствосун өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн Кыргыз Республикасынын эл артисти ардак наамына татыган, ошондой эле Өкмөттүн жаштар үчүн «Жаштык» сыйлыгынын лауреаты болгон.
2007-жылы Малдыбаев атындагы эл аралык музыкалык сыйлыкка татыган.

Сүрөттө: Кубанычбек Сыдыков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты