Жогорку сот төрагасынын экс-биринчи орун басары Кубаныч Момбеков дүйнөдөн кайтты

  • 12 месяцев мурун

Жогорку соттун  төрагасынын мурдагы биринчи  орун басары, экс-судья Кубаныч Момбеков 63 жашында дүйнө салды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы некролог таратты.

Анда айтылгандай, Момбеков Кубаныч Алиевич 1959-жылдын 1-августунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айылында туулган. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин укук таануу адистигин аяктаган.

Эмгек жолун 1987-жылы тергөөчүнүн стажеру, прокурордун жардамчысы болуу менен баштаган.

1991-1992-жылдары Жалал-Абад облусунун прокуратурасында бөлүмдүн прокурору болуп эмгектенген. 1998-жылдан 2003-жылга чейин Ош облусунун Арбитраждык сотунда төраганын орун басары кызматын ээлеген. Андан кийин 2003-2007-жылдары Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп иштеген.

2007-жылы Жогорку сотто судья болгон, андан соң Жогорку соттун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

2010-жылы Жогорку соттун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, Жогорку соттун Ардак грамотасы менен сыйланган, мындан тышкары жогорку  квалификациялык класстагы мамлекеттик чиндин ээси болгон.

“Момбеков Кубаныч Алиевич мыйзамдарды терең билген, кесиптик чоң тажрыйбасы бар принципиалдуу судья катары кесиптештеринин эсинде калат. Үй-бүлөсүнүн, туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз” деп айтылат көңүл айтууда. Көңүл айтууга мамлекет башчы жана жооптуу кызмат адамдары кол койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты