Белгилүү сүрөтчү Чыңгыз Айдаров дүйнөдөн кайтты
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Заманбап искусствонун жаркын өкүлү, белгилүү сүрөтчү Чыңгыз Айдаров 2025-жылдын 16-декабрында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Чыңгыз Айдаров 1984-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн. Бишкек шаарындагы Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын «живопись педагогу» адистиги боюнча аяктаган.
Анын чыгармачылыгы ар тараптуу мүнөздө болуп, жаңы формаларды жана көркөм чечимдерди тынымсыз изденүү аркылуу таап, аларды өз эмгектеринде чагылдырган.
Айдаровдун чыгармачыл эмгектери бир катар сүрөт аянтчаларындагы көргөзмөлөргө коюлуп, коомчулукта чоң резонанс жаратып, көрөрмандардын эсинде узакка сакталган чыгармалар катары белгилүү болгон.
2015-жылы Бишкек шаарындагы «TOPOGRAFICA», 2021-жылы Москва шаарындагы «Служба времени», 2021-жылы Япониянын борбору Токио шаарындагы «Beuys On/Off: Felt, Fat, and Fictions», 2022-жылы Парижде Помпиду борборунда өткөн «Double Horizon» көргөзмөлөрү Айдаровго зор ийгиликтерди алып келген. Ал «Набег» аттуу көркөм ыкманын автору болгон.
Чыңгыз Айдаров перформанс, живопись, графика жана видео өнөр багыттарында талыкпай эмгектенип, бүгүнкү күндөгү коомдун саясий абалын сын көз карашта чагылдырган көркөм портреттерди жараткан.
Өз чыгармаларында адамдын жеке чек арасы жана коомдогу, саясий чек аралар тууралуу терең ой жүгүртүүсүн көркөм тилде көрсөткөн.
Чыңгыз Айдаров 2022-жылдын 12-сентябрында 38 жашында ишемиялык инсультка кабылган. Ошого карабастан, кийинки үч жыл бою чыгармачылык ишин улантып, «Заманбап искусство» тобунун лидери катары көргөзмөлөрдү уюштуруп, активдүү иштеген.
Чыңгыз акыркы жылдары Москва шаарында жашап, Москвадагы «Гараж» заманбап искусство музейинин резиденти, ошондой эле Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин POST TOTAL долбоорунун катышуучусу болгон.
Кыргыз Республикасынын белгилүү сүрөтчүсү Чыңгыз Айдаров 41 жаш курагында узакка созулган оорудан дүйнөдөн кайтты. Чыңгыздын бул дүйнө менен кош айтышуусу улуттук сүрөт өнөрү жана маданияты үчүн гана эмес, Борбор Азиянын бүтүндөй маданий коомчулугу үчүн да орду толгус чоң жоготуу болду.
Чыңгыз Айдаровдун жаркын элеси кыргыз журтунун, маданият, искусство жана музыка сүйүүчүлөрүнүн, замандаштарынын, кесиптештеринин, жакын туугандарынын жана үй-бүлөсүнүн эсинде түбөлүккө сакталат. Маданият министрлиги, маданият жана тскуссьвонун өкүлдөрү, сүрөтчүлөр, замандаштар маркумдун жакындарына, бир туугандарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Сүрөт: Интернет булактарынан




