Бийлик өкүлдөрү Мыктыбек Абдылдаевдин дүйнөдөн өтүшүнө байланыштуу көңүл айтты

Бийлик өкүлдөрү коомдук жана мамлекеттик көрүнүктүү ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылышынын депутаты, милициянын генерал-лейтенанты Мыктыбек Абдылдаевдин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтты.

Мыктыбек Юсупович Абдылдаев 1953-жылдын 17-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында туулган. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1989-жылы СССРдин Ички иштер министрлигинин академиясын бүтүргөн. 1999-жылы юридика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

Өмүр жолун мамлекетке жана элге кызмат кылууга арнаган Мыктыбек Абдылдаев ички иштер органдарында жооптуу кызматтарды аркалап, кесиптик жактан чоң жолду басып өткөн. Ал 1985–1990-жылдары Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1991–1994-жылдары аталган башкармалыктын начальниги болуп иштеген.

Ар кайсы жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары жана биринчи орун басары (1994–2001-жж.), президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун директору (2001–2002-жж.), президенттик администрациянын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы (2002–2004-жж.) кызматтарын аркалаган.

2004-жылдын октябрынан 2005-жылдын 23-мартына чейин башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп иштеп, 2005-жылдын март айында ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

2006-жылдын 17-майынан 2007-жылдын 13-апрелине чейин президенттик администрациянын жетекчиси кызматын аркалаган.

2010-жылдын октябрь айында «Ата-Журт» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2015-жылы “Бир Бол” партиясы менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттыгына шайланган.

2023–2025-жылдары Элдик курултай катчылыгын жетектеген.

Мыктыбек Юсуповичтин мамлекеттик жана коомдук ишмердиги жогору бааланып, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Ал I даражадагы «Аскердик каармандык эмгеги үчүн» медалы, I даражадагы «Күжүрмөн кызматы үчүн» медалы жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын «Шериктештик» ордени менен сыйланган. Ошондой эле ага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» ардактуу наамы, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чендери ыйгарылган.

Мыктыбек Абдылдаев кесипкөйлүгү жогору, принциптүү жетекчи, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмер жана өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту катары кесиптештеринин жана жалпы коомчулуктун терең урматына ээ болгон. Анын мыйзамдуулукту чыңдоого, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган көп жылдык эмгеги Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошту.

Мыктыбек Юсуповичтин жаркын элеси анын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын, кесиптештеринин, санаалаштарынын жана аны урматтап билген жалпы журтчулуктун жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Жапаров, М. Маматалиев, А. Касымалиев, М. Сатыев, Э. Өсконбаев, А. Койчиев, М. Асаналиев, А. Жумагулов, М. Шеримкулов, Д. Амангелдиев, Э. Акунбеков, У. Маматканов, М. Алиев, Б. Ибрагимов, Ж. Таалайбек кызы, А. Кадыралиев, А. Орозбеков, М. Укушов, А. Апсатаров, Н. Ташбеков, К. Туманбаев, У. Ниязбеков, А. Жунушалиев, Б. Зулпиев, С. Касмамбетов, М. Иманкулов, Э. Аширбаев жана башкалар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты