Жогорку сот Сапар Исаковго байланыштуу чечимдерди жокко чыгарып, ишти кайра териштирүү токтомун кабыл алды  

  • 2 месяца мурун

Жогорку сот экс-премьер-министр Сапар Исаковго байланыштуу райондук, шаардык соттордун жана Жогорку соттун чечимдерин жокко, чыгарып, райондук сотто кайра кароо токтомун кабыл алды.

«Бишкектеги Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабарындагы, Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 23-мартындагы чечимдери, Жогорку соттун 2020-жылдын 22-июнундагы жана 2021-жылдын 2-мартындагы Сапар Исаковго байланыштуу токтомдору жокко чыгарылды. Кылмыш иши кайрадан жаңы териштирүү жүргүзүү үчүн Свердлов райондук сотуна судьялардын башка курамына жөнөтүлдү» деп жазылган Жогорку соттун маалыматында.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 2019-жылдын 6-декабрында Бишкек ЖЭБ модернизациясы боюнча Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыраткан.

Сапар Исаковдун адвокаты Бакытбек Автандил уулунун айтымында, сот Исаковго музейди реконструкциялоо иши боюнча 12 жарым жыл, ипподромдун курулушу боюнча да 12 жарым жыл берди. Мурдагы иштер боюнча буга чейинки өкүмдөрүн кошкондо жаза мөөнөтү жалпы 18 жыл деп белгиленди.

2020-жылы июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду тарых музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча айыпталган иште 18 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмдү угузду жана 247 миллион 650 миң 282 сом айып пул салды.

Мурдагы премьер Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга шектелип камалган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган Сапар Исаков 2018-жылы 5-июнда камакка алынган. Камакта жаткан экс-өкмөт башчы 2020-жылы Сапар Исаков 6-октябрга караган түнү митингчилердин таасири менен эркиндикке чыккан. Сапар Исаков абак администрациясынын берген укугунун негизинде жети күнгө, башкача айтканда, сот башталганга чейин бошотулганын билдирген. Сапар Исаков андан кийин өлкөдөн чыгып кеткен

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон митингчилер 2020-жылы 6-октябрда Ак үйдү басып алышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты