Жогорку сот Медербек Саккараев боюнча БШК чечимин жокко чыгарды
- 2 года мурун
Жогорку сот №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Медербек Саккараевдин Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерликке каттоосун жокко чыгаруу жана добуштарлын токтотуу боюнча БШК чечимин жокко чыгарды.
Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
18-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Медербек Саккараевдин Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерликке каттоосун жокко чыгарган жана шайлоодо алган добуштарын токтоткон.
Медербек Саккараевдин Казакстан жараны экени тууралуу маалыматтар талашка түшкөн.
№31 Чүй-Кемин шайлоо округу — Медербек Саккараев — 24,77% добуш алып, атаандаштарынан озуп чыккан жана мандат берилери маалымдалган.
Эми Медербек Саккараевге депутаттык мандат берилет.
Муну бөлүшүү