БШК Медербек Саккараевдин каттоосун жокко чыгарды жана добуштарын токтотту

  • 2 года мурун

18-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Медербек Саккараевдин Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерликке каттоосун жокко чыгарды жана шайлоодо алган добуштарын токтотту.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

16-ноябрда БШКга Медербек Саккараев Казакстандын жараны экени тууралуу БШКга маалымат түшкөн.  2021-жылдын 23-ноябрында Токмок шаардык ички иштер башкармалыгы Казакстанга бул маалыматты тактоого жиберген. Алматы шаарынын полициясы Медербек Саккараев Казакстандын жарандыгынан чыккандыгын билдирген.

24-ноябрда Казакстан элчилиги БШКа Саккараев Казакстандын жараны эместиги тууралуу маалымат берген.  

Медербек Саккараев БШКга документтерин тапшырганда,  Казакстандын жараны болгондугун көрсөткөн эмес. Ал эми  2021-жылдын 25-ноябрында Казакстан миграциялык кызматынын полиция департаменти Медербек Саккараев Казакстан жараны экенин КР БШКга маалымдаган. Акырында ал Казакстандын жарандыгынан качан чыкканын тастыктаган документти көрсөткөн эмес

Мына ушундай маалыматтардан улам Борбордук шайлоо комиссиясы Медербек Саккараевдин депуттыкка талапкерлигин каттоодон чыгарган жана шайлоодо алган добуштарын токтоткон. БШК №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Медербек Саккараевди депутыттыкка талапкер катары каттаган.

№31 Чүй-Кемин шайлоо округу — Медербек Саккараев — 24,77% добуш алып, атаандаштарынан озуп чыкканы жана мандат берилери маалымдалган.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты