Сот Бишкекте үч адамдын өлүмүнө шектүү жаранды өмүр бою эркинен ажыратты

  • 9 месяцев мурун

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Аширалиевге өкүм чыкты.

Соттун чечими боюнча Чынтемир Аширалиев тагылган кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылды. Ал жазасын өзгөчө режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт. Ошону менен катар эле сот Аширалиевди жабырлануучу тарапка 671 миң сом материалдык чыгым жана 3 млн сом моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирди.

Быйыл февралда Бишкек шаарында 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Ч.А. аттуу жаран 17-февралда кармалган. Свердлов райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 16-апрелге чейин №1 убактылуу тергөө абагына камоо чечимин чыгарып, кийин анын абактагы мөөнөтү узартылган.

Социалдык тармактын колдонуучулары жана айрым маалымат каражаттары шектүү Чынтемир Аширалиев экенин жазышкан. Ал 2021-жылдын ноябрь айында Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. Ага чейин УКМКда 15 жыл иштеп, майор чинин алган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты