Жогорку Кеңештин жыйыны бүгүн өткөрүлбөйт
- 1 год мурун
Бүгүн, 26-апрелде, Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өткөрүлбөйт.
Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлад.
«Күн тартибине киргизилген мыйзам долбоорлорунун демилгечилери жүйөөлүү себептерден улам жыйынга катыша албагандыгына байланыштуу 2023-жылдын 26-апрелинде каралуучу маселелер 27-апрелде өтө турган жыйналыштын күн тартибине бириктирилди. Ага ылайык, 26-апрелдеги жыйналыш өткөрүлбөйт»деп айтылат маалыматта.
Ал эми төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Россияда иш сапары менен жүрөт.
Муну бөлүшүү