Жогорку Кеңештин комитеттери кыргыз-тажик чек арасы боюнча мыйзам долбоорлорун үч окууда колдошту
- 12 месяцев мурун
Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча бир катар мыйзам долбоорлору каралды.
Жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасады.
Президент тарабынан демилгеленген «2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору;
Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу»
«2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорлору каралды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тааныштырды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору үч окууда жактырылды.




