Жогорку Кеңештин экс-депутаты кармалды

  • 1 месяц мурун

УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында коррупцияга шектелип кармалган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин экс-министри, Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору У.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейин «Кыргызтрансавто» мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы болуп турган учурда, айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен «Токчулук» мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын мамлекеттин эсебинен сатып алып, андан кийин мурдагы Балыкчы эт комбинатынын кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз жеке менчикке алып чыккандыгы аныкталган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты кармалды

Бүгүнкү күндө жогорудагы кыймылсыз мүлктүн наркы 626 миллион сомду түзөт.

Азыркы учурда белгиленген коррупциялык схемага башка адамдардын катышы аныкталууда жана мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты