Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин маалыматы угулууда

  • 1 год мурун

Бүгүн, 19-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында күз-кыш мезгилине карата даярдык, эмгек мигранттарынын абалы, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү жагдайы, социалдык-экономикалык маселелер жөнүндө Министрлер кабинетинин маалыматы угулду.

Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы чек ара маселелерин чечүү зарылчылыгына токтолду.

-«Жоопкерчиликти өзүбүзгө алып, чек ара маселелерине чекит коюшубуз керек,- — деди.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Тажикстандын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берди.

-136 миңден ашык жараныбыз жер которууга мажбур болду. 63 жараныбыз ок атышуудан, 12 адам жол кырсыгынан каза болду, 206 адам жаракат алды. Материалдык жактан 661 турак үй жабыркаган, анын ичинен 423 үй талкаланып, 11 административдик стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоого тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа, 1 көпүрө жарабай калды. Жарандык коргонуу комиссиясынын берген аныктамасы боюнча 3 млрд 130 млн сомдук материалдык зыян келтирилген, — деди Акылбек Жапаров.

Жыйын суроо-жооп иретинде улантылууда. 

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты