Жогорку Кеңеште депутат Бекешев үйлөрдү буздуруу боюнча маселе көтөрдү  

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 2-апрелде, депутат Дастан Бекешев азыркы курулуштар, «кызыл сызык» жана үйлөрдү буздуруу маселесин көтөрдү.

 -Биз 2014-жылы Бишкектин эле эмес, Кыргызстан боюнча шаарлардын башкы планын ачыктоо боюнча мыйзам кабыл алганбыз. Ошол ачыкталган башкы пландын негизинде ар бир шаардын деталдык планы кабыл алыныш керек болчу. Бирок ушул убакка чейин ошол план жарандарга көрсөтүлө элек. Жолдорду кеңейтүү маселеси көтөрүлгөндө, өздөрүнө ылайыктуу кылып, кызыл сызык бул жактан өтөт дешет, 70-жылдардагы, 90-жылдардагы  2000-жылдардагы документтерге таянышат. Деги чечимди “кызыл сызык, көк сызык” тууралуу чечимди ким кабыл алат? Эгер архитектор чечим чыгарса, бир адам эле чечим чыгарабы? “Кызыл сызыкты”, бир эле киши жүздөгөн, миңдеген адамдардын мүлкү тууралуу маселени чечеби? Элдин жерин тартып алып.

Азыр “Киргизия-1” тууралуу айтылып жатат. Мен бир фактыны келтирейин: Өткөн жылы “Ата түрк” парк аймагын карашты, Токтоналиев 86, көп кабатттуу үй. Бул парк аймагына кирет экен, мэрия ушул көп кабаттуу үй үчүн соттошуп жатат. Анын жанында, Токтоналиев 88, бул жер тилкеси Камчы Көлбаевге таандык болгон, аны мамлекетке алышкан, ал жерге көп кабаттуу үй курууга 2024-жылы уруксат беришкен. Анын жанында бизнес борбор курулууда, ал дагы парк аймагына кирсе керек, ага да уруксат беришкен. А эмнеге бирөөлөргө ал жактарда курулуш курууга болот да, башкаларга курууга болбойт? Ушундай мамиле качанга чейин созулат? Аны токтотуш керек да. Элдин менчигин тартып алгылары келет.

Эгер мүлктү тартып алуу керек болсо, кимдердикин тартып алуу керек, билесиңерби? Мына, жакында биздин мурдагы президент Курманбек Бакиев ооз ачыруу өткөрдү. Ким анын акчасын которду, ким уруксат берди, кайсы каражатка өткөрдү? Кечирип койгула, бирок сот чечими бар, ошол акчаны мамлекеттин пайдасына алыш керек болчу. Эгер кимдир-бирөө сот чечимин жокко чыгарып койбосо. Ал эми мурда мүлк алып койгондордукун, “кызыл сызык” ушул жактан өтөт деп тартып албай,-деди депутат Дастан Бекешев.

1-апрелде Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Исхак Масалиев, Улукбек Ормонов жана Элдар Абакиров Бишкек шаарында үйлөрдү бузуу маселесин көтөрдү. 

Сүрөт: Интернет булактарынан

          

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты