Жогорку Кеңеште Бишкек жана Оштогу экологиялык абал, унаа тыгындары талкууланды

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 21-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Ыш менен байланышкан экологиялык абал жөнүндө» Жогорку Кеӊештин 2023-жылдын 3- токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат угулду. 

Ошондой эле «Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында транспорттук тыгындарды азайтуу жана автомобиль транспортунун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.

Талкуу маалында депутат Улан Примов Кара-Кече кенинде көмүрдү байытуучу фабрика куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүүнү сунуштады. Буга эл өкүлү көмүрдөн зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу экологиялык кырдаалга оң таасирин тийгизет деген жүйө келтирди.

Ал эми депутат Илимбек Кубанычбек абанын булганышынын себептеринин бири көмүр жагуу экенин белгилеп, Бишкекти жана жаңы конуштарды газдаштыруу иштерин активдештирүү зарылдыгына басым жасады.

Муну менен катар депутат Жалолидин Нурбаев Ош облусунун Араван районундагы транспорттук тыгындар көйгөйүнө көңүл бурса, эл өкүлү Арсланбек Эгембердиев унаалардагы катализаторлордун болушун көзөмөлдөө маселесин ортого салды.

Депутат Элдар Абакиров имараттардын жана курулмалардын энергоэффективдүүлүгүн камсыз кылуу маселелери тууралуу сөз кылып, жылуулук жоготууну азайтуу үчүн элеваторлорду орнотуу зарылдыгын кошумчалады.

Андан тышкары, депутат Эмил Токтошев брикеттелген көмүрдү колдонуу менен жеке сектордогу жылытуу системасын жакшыртуу чараларын сунуштаса, депутат Гүлшаркан Култаева Гидрометеорологиялык кызматтын каржылоосун көбөйтүү, тактап айтканда аталган кызматтын лабораториясын модернизациялоо маселесин карап чыгууну табыштады.

Депутат Миргүл Темирбаева Бишкек ЖЭБинде колдонулуп жаткан көмүрдүн сапатын жогорулатуу маселесине токтолуп, ошону менен бирге борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу максатында тартылган кредиттик жана гранттык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын айтты.

Аталган маселе боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты