Жогорку Кеңеште Бишкектеги ыш жана тыгын көйгөйлөрү тууралуу маселе каралууда
- 4 недели мурун
Бүгүн, 22-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек жана Ош шаарларындагы ыш жана тыгын маселелери тууралуу маалымат угулду.
Ыш маселеси боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, тыгындардын алдын алуу боюнча депутат Марлен Маматалиев маалымат берди.
Депутат Дастан Бекешев Бишкекте ыш менен күрөшүүгө жеткиликтүү каражат бөлүнбөй жаткандыгын, мамлекеттик орган кызматкерлери белгилүү күндөрдө гана жеке унаа менен жүрүү талаптарын аткарбай жатканына токтолду.
Депутат Балбак Түлөбаев метро же монорельс курулбаса, Стамбул шаарындагыдай метробус куруп, радикалдуу кадамга барып, дарыялардагы көпүрөлөр үстүнө кошумча жол салууну сунуштады.
Сүйүн Өмүрзаков ыш жана тыгын маселеси боюнча эч кандай жыйынтык болбой жатканын белгиледи.
Депутат Жанар Акаев шаардык кеңештеги кесиптештерди да сыйлоо керектигин, ар ким ыйгарым укуктарына жараша шаар бюджетин, отчетун караш керек экенин айтты. Өзгөндө айланма жол курулду. Кытайдан жол курууга көп каражат алынып жатканын, ошондой жолдорду салууну жеке менчик ишканаларга берүү керектигин билдирди. Өзгөндөгү жол жакшы мисал болгонун белгиледи. Ошондой эле БЧК дайрасын бойлото заманбап, өнүккөн өлкөлөрдөй кооз жайга айлантууну сунуштады.
Депутат Аманкан Кенжебаев Кара-Кече көмүрүн байытылган завод салуу сунушун келтирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан